Акча ууурдаган. Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Автор -

Чүйдүн Аламүдүн районунда уурулукка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Төмөнкү Ала-Арча айылындагы май алмаштыруучу жайда 31-август күнү 56 миң сом акча уурдалган. Жабырлануучунун кайрылуусунун негизинде «Уурулук» беренеси менен тергөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында, шектүү катары Токмок шаарынын 39 жаштагы тургуну кармалган. Тергөө иштеринде шектүү ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталган.

Учурда шектүү камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.