Эртең Бишкектеги 3 конушта таза суу жок болот

Автор -

Эртең, 24-сентябрда Бишкектин 3 конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

24-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн 16:00гө чейин оңдоо иштерине байланыштуу «Ак-Жар», «Ак-Бата» жана «Келечек» конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт.

Ошондой эле №43 мектепте, №21 муниципалдык аймактык башкармалыгында да таза суу болбойт.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү