Бишкекте ИИМ полковниги баңгизат менен кармалды (сүрөт)

Автор -

Бишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын полковниги баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Ал башкалардан алынган 1,5 килограммдык баңгизатты сатканга аракет кылган. Баңгизатынын жалпы суммасы 581 миң сомду түзгөн.

Кармалган жаран ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн полковниги экени айтылды.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш кодексинин 267-беренесинин негизинде катталган.

Кармалган полковник УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Бөлүшүү