Кыргыз жараны Орусияда пара берүүгө шектелип кармалды

Автор -

Орусияда бажы кызматкерине 300 миң рубль өлчөмүндө пара бергенге шектелип кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаран орус-казак чек арасындагы «Бугристое» көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу Орусиянын аймагына маркировкадан өтпөгөн 70 миң бут кийим киргизүүгө аракет жасаган. Товар жүктөлгөн унааны текшерүү маалында жаран орусиялык бажы кызматкерине пара сунуштаган. Бирок ал акчаны албастан, Челябинск бажысынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө кабарлаган. Пара берүү фактысы каттоого алынып, шектүү колго түшүрүлгөн.

Маалыматта учурда тергөө иштери жүрүп жатканы жазылат.