Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 11,2 миллион доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы финансылык уюмунун маалымат кызматы билдирди.
Операция кечээ кечинде жүргүзүлгөн, бирок рынокко кандай курс менен чыгарылганы жазылган эмес.
Бир жума мурун Бишкекте доллардын орточо баасы сатып алуу үчүн 78,76 сом, сатуу 79,12 сом болгон. Ал эми бүгүн долларды 79,23 сомдон сатып алып, 79,59 сомдон сатууда.
Россияда дагы доллардын курсу кымбаттап жатканы байкалууда, апрель айынан бери биринчи жолу 77 рублден ашты.