Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош облусунда бир жаран каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Ошону менен март айынан бери өлкөдө коронавирус жана пневмониядан 1064 адам каза болду. Ал эми сутка ичинде оору 104 адамга жукту:
— Бишкек — 19;
— Ош — 8;
— Чүй облусу – 6;
— Ош облусу — 18;
— Талас облусу — 1;
— Нарын облусу — 2;
— Ысык-Көл облусу – 3;
— Жалал-Абад облусу – 10;
— Баткен облусу — 37.
Жалпы илдет жуктургандардын саны 46 миң 355 адамга жетти. Алардын ичинен 42 619 адам айыгып чыкты. 1064 каза тапты.