Бишкекте 61 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

Автор -

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-августта Биринчи Май РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда «Баха» аттуу чала таанышы унаасын сатып берүүгө жардамдашмакчы болуп, январь айында баасы 10 миң долларлык «Тойота Камри» унаасын алып, башка бирөөлөргө сатып жиберип, из жашырып качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1959-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кызматкерлери бул жаран тууралуу маалымат билгендерди, же бул жарандан жабыркагандарды төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт:  0554 102 302, 0551 102 774.