Экономика министрлигинин кызматкери пара берип жаткан кезде кармалды

Автор -

Экономика министрлигине караштуу банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары пара берип жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 29-сентябрда иш бөлмөсүндө кызматтагы адамга 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурунда Экономика министрлигинин кызматкери «Б.Э.А.» кармалды. Ал банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алганы аныкталды. Ал анын мыйзамсыз иш-аракеттерине катышуудан баш тарткан кызматкерге өз эрки менен ыйгарым укуктарынан баш тартууну сунуштап, бул үчүн 100 миң сом «сыйлык» сунуштаган. Анын ордуна өз кишисин коюуну пландаган.

Кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда 1 млн 331 миң 300 сом табылган, ал акча каражаттарынын кайдан келгендиги аныкталып жатат.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси («Пара берүү») боюнча каттоого алынды. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.