Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир бейтап каза болду. Ал Ош облусунун тургуну. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Ал эми коронавирус жуктурган 172 адам жаңы катталды:
- Бишкек — 18
- Ош — 11
- Чүй облусу – 11
- Ош облусу — 21
- Талас облусу — 1
- Ысык-Көл облусу – 10
- Жалал-Абад облусу – 23
- Баткен облусу — 77.
Өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 46 миң 841 адамга жетти. Айыккандар 43 миңге чамалады. Каза тапкандар 1065 адам болду.