Түндө Бишкек четинде жол кырсыгы катталып, жаш кыз каза тапты

Автор -

Түндө Бишкек-Мраморное унаа жолунда жеңил унаа оодарылып кетип, кырсыктан 22 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы түндө саат 01:00 чамасында болгон. Кырсык болгон жерден тартылган видео «Короче» телеграм-каналына жарыяланды.

«Хонда-Фит» унаасын 21 жаштагы бала башкарып бара жаткан. Айдоочу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада жүргүнчү катары келе жаткан 22 жаштагы кыз алган жаракаттарынын негизинде окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу ооруканага жеткирилген. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бөлүшүү