Баткенде 77 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы — 172

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир бейтап каза болду. Ал Ош облусунун тургуну. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Ал эми коронавирус жуктурган 172 адам жаңы катталды:

  • Бишкек — 18
  • Ош — 11
  • Чүй облусу – 11
  • Ош облусу — 21
  • Талас облусу — 1
  • Ысык-Көл облусу – 10
  • Жалал-Абад облусу – 23
  • Баткен облусу — 77.

Өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 46 миң 841 адамга жетти. Айыккандар 43 миңге чамалады. Каза тапкандар 1065 адам болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү