Өлкөдө балдардын ооруканага кайрылуу учурлары көбөйгөн жок

Автор -

Бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында балдардын ооруканаларга түшүү учурлары көбөйгөн жок. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда бардык балдар стационарлары штаттык тартипте иштеп жатат. Өлкөнүн ооруканаларына балдарды жаткыруу боюнча кайрылуулардын активдүүлүгүнүн жогорулашы байкалган жок, бардык стационарларда бош орундар бар.

Республика боюнча балдарды ооруканага жаткыруу 5 балдар стационарында жүрөт:
— Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
— Бишкек шаардык балдар тез медициналык жардам клиникалык ооруканасы;
— Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы;
— Кара-Суу балдар ооруканасы;
— Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы.
— Ошондой эле облустук жана аймактык ооруканалардын балдар бөлүмдөрү.

Балдар үчүн арналган койка-орундуктардын жалпы саны – 2356.