Саясий партиялардан акча алган беш шайлоочу жоопко тартылды

Автор -

Саясий партиялардан акча алган беш шайлоочу жоопко тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, алар Тартип бузуу жөнүндө кодекстин «Шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алышы» беренесинин негизинде жазаланды. Бул беренеге ылайык, катардагы жаранга бир миң, ал эми юридикалык жакка беш миң сом айыппул салынат. Бирок эгер мыйзам бузуу болгону тууралуу өз эрки менен айтып берсе жоопкерчиликтен бошотулат.

Башкы прокуратура шайлоочулардын добушун сатып алуу тууралуу маалыматтар социалдык түйүндөргө жарыяланганын белгиледи. Башкы көзөмөл органы жалпысынан мындай иштер боюнча сегиз адам жоопко тартылганын маалымдады.

Буга чейин Башкы прокуратура шайлоочулардын добушун сатып алуу жана документ жасалмалоо тууралуу маалыматтарга байланыштуу жалпысынан 83 материал иликтенип жатканын кабарлаган.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт.

Бөлүшүү