Баткенде жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочуга издөө салынды

Автор -

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жаранды сүзүп кеткен унаанын айдоочусун кармоо иш-чарасы жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө болгон. Анда Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, андан соң окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Учурда унаанын ээсинин аты-жөнү такталып, ал Кадамжай районунун 1992-жылы туулган М.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Аны кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерден жаракат алган 28 жаштагы жаран жергиликтүү аймактык ооруканага жаткырылган. Жаракат алган жаранга тийиштүү экспертизалар дайындалган. Териштирүү иштери жүрүүдө», — деп билдирет басма сөз кызматынан.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү