Армения Азербайжандын 1200дөн ашык жоокерин жок кылганын жарыялады

Автор -

Тоолуу Карабахта жаңжал башталгандан бери Азербайжандын 1 миң 280 аскери жок кылынып, 2700дөй аскери жаракат алды. Бул тууралуу Армениянын вице премьер-министри Тигран Авинян өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Анын билдирүүсүндө Азербайжан тарап мындан тышкары 90 пилотсуз учак, 12 тик учак, 181 танк, үч оор от алуучу тутум, төрт учак жана аскердик унааларын жоготкон.

Буга чейин Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян бейшемби күнү Тоолуу Карабах Республикасынын абадан коргонуу бөлүктөрү Азербайжан аба күчтөрүнүн үч учагын, эки тик учагын жана алты пилотсуз учагын жок кылганын  билдирген. Өз кезегинде Баку бул билдирүүлөрдү четке кагып, бейшемби күнү согуштук учактарды колдонбогонун билдирген.

Учурда эки өлкөдө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.