Каржы полициясынын кызматкери пара менен кармалды (сүрөт)

Автор -

Бишкекте Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-октябрь күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын капитаны М.К.К. 1500 доллар пара менен кармалган. Ал бир ишкананын өкүлүнөн мамлекетке кошумча нарк салыгын төлөө маселеси боюнча ачылган кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылып келгени аныкталды.

Учурда сотко чейинки процесстин алкагында, акча талап кылуу фактысын документтештирүү жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башка кызматкерлеринин бул ишке катыштыгы бары-жогун аныктоо боюнча  тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Бөлүшүү