5-октябрда мектептерде дезинфекция иштери жүрөт

Автор -

5-октябрда мектептерде дезинфекциялык иштер жүрөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Боронов шайлоодон бир күн өткөн соң, кенже класстардын окуучулары үчүн окуу процесси жандандырыларын эскертти.

«Жалпыбызга маалым болгондой, көптөгөн шайлоо участоктору мектептерде жайгашкан. Муну эске алуу менен, окуу процессин 6-октябрдан тарта, башкача айтканда, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин жандандыруу чечими кабыл алынган. 5-октябрда ар бир мектепте, өзгөчө, шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарылат. Биз балдарды COVID-19 илдетинен коргошубуз керек», — деп белгиледи Премьер-министр.

Кубатбек Боронов билдиргендей, бардык жалпы билим берүү окуу жайлары Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритм боюнча иш алып баруусу зарыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү