Ысык-Атада агасы инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды

Автор -

Ысык-Ата районунун тургуну бир тууганын өлтүргөнгө шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-октябрга караган түнү саат 00:55 чамасында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата районунун айылдарынын биринде кишинин жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, үйдүн ашкана бөлмөсүнөн 39 жаштагы И.Э. аттуу жарандын жансыз денесин табышкан. Аны кароо учурунда бир нече жерине бычак жегени аныкталган.  .

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү ыкчам-иликтөө ишинде шектүү катары 42 жаштагы жаран кармалган. Ал маркумдун бир тууган агасы болуп чыккан. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат жана сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Бөлүшүү