Өзбекстанда үйүн алдырбоо үчүн өзүнө өрт койгон аял каза болду (сүрөттөр)

Автор -

Өзбекстанда кечээ, 1-октябрда укук коргоо кызматкерлерине үйүн алдырбоо үчүн өзүнө өрт койгон 35 жаштагы Гүланда Дедебаева каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, маркум Гүланда Дедебаева эки жыл мурун 13 миң АКШ долларына апасынын атына үй сатып алган. Райондук администрация жер тилкесиндеги көйгөйлөргө байланыштуу үйдү каттоодон баш тартып, укук коргоо кызматкерлери үй-бүлөнү үйдөн чыгаруу үчүн келишкен. Ошол кезде Гүланда Дедебаева укук коргоо кызматкерлеринин көзүнчө өзүнө өрт коюп каза болгон.

Ал үйдө аял эки баласы жана апасы менен чогуу жашачу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү