«Бир Бол» партиясы Автоматтык эсептөөчү урналарга кийлигишүү болду деп эсептейт

Автор -

«Бир Бол» партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана эл аралык техникалык аудит жүргүзүүнү талап кылат. Бул тууралуу аталган партия тараткан билдирүүдө айтылат.

Партия Автоматтык эсептөөчү урналарга (АСУ) кийлигишүү болду деп эсептейт. Буга байланыштуу «Бир Бол» көз карандысыз эл аралык техникалык аудит жүргүзүүнү жана аудиттин жыйынтыктарын тез арада чыгарууну талап кылат.

«Добуш берүүнүн купуялуулугу, массалык добуш сатып алуулар сыяктуу көптөгөн мыйзам бузуулардан сырткары оппозициялык партиялар алган добуштар менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы берген маалыматтар дал келбегенине көңүлүңүздөрдү бурабыз. Шайлоонун жыйынтыгы техникалык деңгээлде бурмаланды деп эсептейбиз.

Биз өзүбүздүн шайлоочуларга ишенебиз, бирок бийлик башкарган IT-системага ишенбейбиз.

Бийлик миңдеген шайлоочуларга адилетсиз мамиле жасап, дагы бир жолу анык жүзүн көрсөттү. Биздин жарандар бул шайлоону легитимдүү деп эч качан тааныбайт. Демек, бийликтин чечимдеринин баары легитимдүү эмес.

Жарандардын эркиндигин чектөө эч качан туруктуулукка жана өнүгүүгө алып келген эмес. Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхы биздин жарандар эч качан мындай адилетсиздикке чыдабаганын тастыктаган.

Биз бардык партияларды шайлоонун жыйынтыктарын тааныбоого жана «Бир Бол» партиясынын билдирүүсүнө кошулууга, ошондой эле көз карандысыз эл аралык техникалык аудит жүргүзүүнү талап кылууга чакырабыз», -деп айтылат партия тараткан маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү