6-октябрга карата COVID-19 илдетинин 164 жаңы учуру катталды

Автор -

6-октябрга карата COVID-19 илдетинин 164 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматына караганда, эң көп учур Баткен облусунда аныкталган.

— Бишкек — 20;
— Ош — 22;
— Чүй облусу – 19;
— Ош облусу — 9;
— Нарын облусу — 5;
— Ысык-Көл облусу – 9;
— Жалал-Абад облусу – 21;
— Баткен облусу — 59.

Учурда жалпы өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын саны 47 миң 799. Илдеттен каза болгондор 1066, айыккандар 43 миң 644 бейтап.

Учурда стационарда 1195 бейтап дарыланып жатат. Ал эми үй шартындагы дарыланууда 1439 адам бар.