Митингде жаракат алып каза болгон Үмүтбек бир үйдүн жалгыз уулу болгон

Автор -

5-октябрда өткөн митингде жардыруучу заттан улам денесинен жаракат алып, каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгон. Бул тууралуу Инаят Ниматова аттуу соцтармак колдонуучусу жазып чыкты.

Анын айтымында, каза болгон бала Лейлек районунун Кара-Булак айылынан.

«19 жаш. Бир үй бүлөнүн жалгыз уулу.
Силер түрмөдөн чыгып, майрамдаганыңар майрамдап, маньяк-зомбилердей көзүңөр  кызарып, кресло талашуу менен убарасыңар. Силердин бүгүнкү күнүңөр үчүн өмүрүн, жанын берген жапжаш баланын сөөгүн туугандары бүгүн араң өлүкканадан чыгарып,  туулган жери, 1100 км алыстыкка, Лейлек жергесине алып кетишти…

Эл башчылары!!! Жаназасына кимиңер барасыңар??? Акыркы сапарга баатырларча узатып коюуга убактыңар барбы?», — деп жазган ал.

Маалыматтарга караганда, Үмүтбек Алтынбек уулу Бишкектин окуу жайлардын биринде окучу. Ал үч кыздын ортосундагы жалгыз уул болгон. Сөөгү эртең өзү туулуп-өскөн Кара-Булак айылында жерге берилет.

5-октябрда «Ала-Тоо» аянтына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар чогулуп, массалык митинг өткөн. Кийин укук коргоо органдары менен митингдин катышуучулары ортосунда кагылышуу орун алып, биринчилери демонстранттарды качыруу үчүн кулак тундуруучу граната жана жардыруучу заттарды колдонгон.
7-октябрь күнү саат 12:30га карата жаракат алып медициналык мекемелерге кайрылган жарандардын саны 911ге жеткени маалымдалды.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди тандоо 4-октябрда өткөн. БШК 7 пайыздык босого чегинен 4 партия өткөнүн билдирген.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү