Сооронбай Жээнбеков бийлик талаш менен алек болуп жаткандарды сындады

Автор -

Бийликке жетүүнү каалагандар эңсегенине жетишти. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун 7-октябрдагы кайрылуусунда айтылды.

Ал көчөгө чыгып жаткандарды, аларды уюштургандарды, саясий лидерлерди укуктук талаага кайтып келүүгө чакырды. Ошондой эле ушул татаал мезгилде кимдин баалуулуктары кандай экени так көрүнгөнүн, улуу муун бийлик талаш менен алек болуп отурганын сындады.

«Урматтуу мекендештерим, Кыргызстанда тынчтыкты камсыз кылуу, коомдук тартипти орнотуу – бүгүнкү күндүн биринчи  милдети болуп турат. Мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюуга чакырам. Мыйзам талаасына кайтып, ынтымак менен бул абалдан чыгалы. Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун», — деди Сооронбай Жээнбеков.

5-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, алардын тарапташтары митингге чыгышкан.

Кечке маал Ак үйгө бет алган митингичилер менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуу болгон. Таңга жакын митингичилер Ак үйдүн имаратын басып алышкан.

Ошондой эле парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков, өлкө премьер-министри Кубатбек Боронов кызматтан кетишкен.

7-октябрда да нааразылык акциялары уланып жатат. Бүгүн топтолгондор эски саясатчылар кетип, бийлик толук жаңыланышын талап кылышууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү