Соңку суткада пневмониядан 3 адам каза тапты

Автор -

Соңку суткада COVID-19 илдетинен 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үч адам тең пневмониядан улам көз жумган. Алардын экөө Ош облусунун, бирөө Бишкек шаарынын тургуну болгон.

Илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 1069 адамга жетти.