Бишкек мэри Суракматов өз кызматына кайтты

Автор -
209

6-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Азыркы тапта мэр оюнан кайтып, иш ордуна кайтып келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Мэр жумуш ордуна кайтып келди», — деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, буга чейин шаардыктар Азиз Суракматовду борбор калаанын мэри кызматына кайтып келүүсүн талап кылып жатышкан.

Бөлүшүү