Каракол жана Кара-Балта шаарында эл жергиликтүү бийлик менен кызматташууда

Автор -

Жарандарды бюджеттик процесстерге, жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу иштерине тартуу, шаардын ишке ашырылып жаткан программаларына элди аралаштыруу үчүн, «Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларын ишке ашырууга жарандардын катышуусу» долбоорун, «Сорос – Кыргызстан» фондусунун каржылоосу менен Борбордук Азиядагы Евразия фонду ишке ашырып жатат. Бул үчүн Каракол жана Кара-Балта шаарларында шаардык кеңештердин токтому менен биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баалоо (БМЖБ топтору) топтору түзүлүп, алар жарандык коом менен аткаруу жана өкүлчүлүктүү бийликтердин кызматташуусунун легитимдүү инновациялык инструменти катары иштеп жатат.

Пилоттук шаарлардагы топтор 8 айдан бери мониторингди ийгиликтүү ишке ашырып жатышат. БМЖБ топторунун маанилүү, бирок жалгыз эмес обьектиси – шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы (СЭӨП). Шаардык социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программасы — стратегиялык документ, ал шаардыктардын, жергиликтүү башкаруу органдарынын артыкчылык берилип жетише турган максаттарын аныктап, жарандардын турмушунун сапатын жакынкы 5 жыл ичинде жогорулашын аныктайт.

Шаардын социалдык-экономикалык программасын эффективдүү ишке ашыруу көптөгөн факторлорго көз каранды жана шаардын өнүгүшүнүн бардык аспектилерине таасир тийгизет. Бул программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы башкаруунун негизги фактору мониторинг жана баалоо болуп эсептелет.

Мыйзам жыйынтыктарды башкаруунун үч негизги жактарынын ролун мониторинг жана баалоо аркылуу жөнгө салат, тактап айтканда, шаар мэриялары шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасын коомдун муктаждыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу менен иштеп чыгат, мониторинг жасап баалай турган топ пландоо менен бул программага мониторинг жасап баалайт, ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттары СЭӨП тобу аткарган мониторинг жана баалоо боюнча чечимдерди кабыл алышат.

Бүгүнкү күндө Кара-Балта жана Каракол шаарларынын биргелешкен мониторинг жасоо жана баалоо тобу аталган программалардын ишке ашуусу боюнча бир нече иш-чараларга мониторинг жүргүзүштү. Анын жүрүшүндө программанын пландары толук ишке ашпай жаткандыгы, так көрсөткүчтөр жана индикаторлордун жоктугу аныкталууда, эгер булар болгондо СЭӨП аткарылышына обьективдүү баа берүүгө болмок.

Кара-Балта шаарынын БМЖБ топторунун шаардын мэриясы менен биргелешип жемиштүү иштешинин алгачкы натыйжалары көрүнүүдө. 2020-жылга карата топтордун планы боюнча СЭӨПны мониторинг жасоодо «Социалдык заказ жөнүндө» КР мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу үчүн, калктын аярлуу катмарын колдоо иш-чаралары каралган. Мындай иш-чаралардын ишке ашуусу катары социалдык заказ боюнча 3төн кем эмес долбоорду ишке ашыруу – 100 000 сом суммадагы 50дөн кем эмес ваучерди бөлүп берүү каралган.

«Кара-Балта шаардык мэриясынын алдында жумушчу топ түзүлүп, ал мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөгү мыйзамдын жоболорун ишке ашырууга жана киргизүүгө тапшырма алган. 2019-жыл ичинде бул бул мыйзамдын жоболорун ишке ашыруучу бир дагы тапшырма аткарылган эмес. Ошондуктан БМЖБ топторунун мүчөлөрү ушул иштин аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүшкөн. БМЖБ топторунун мүчөлөрү ай сайын мамлекеттик социалдык заказдын механизмдеринин жүрүшү, киргизилиши боюнча мониторинг жасап, анын жыйынтыгы боюнча акт түзүшүп, натыйжада алар мэриянын жана шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлүп турган.

Жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органдары кайрылууга көңүл бурушуп, БМЖБ тобунун актысын карап чыгышып, мамлекеттик социалдык заказга катышууга конкурс жарыялашкан. Гранттык комиссия түзүлүп, окутуу өткөрүлдү, мамлекеттик социалдык заказдын механизмдерин киргизүү боюнча жооптуу адам дайындалган.

2019-жылга мониторинг жасоонун жыйынтыгы боюнча эч нерсе жасалган эмес, мөөнөттөр бузулган, бул жылы БМЖБнун мониторингине жана баалоосуна жараша СЭӨПнын ушул иш-чарасын ишке ашырууга биринчи жылыштар пайда болду», — дейт БМЖБ тобунун мүчөсү Бактыгүл Шүкүрова.

БМЖБ тобу Каракол шаарында шаар ичиндеги жолдордун ремонт болушуна мониторинг жасаган, анын жүрүшүндө жол боюнда суу агуучу лотоктордун, арык системасынын жоктугу ачыкка чыккан. Ушул мониторингдин жыйынтыгы менен акт түзүлүп, анда мэрияга суу агуучу жерлерди жасоо сунуштары берилген. Анткени мындай системанын жок болушу асфальттын жана тротуардын тез бузулушуна алып келип, жаан көп жааганда жашоочуларга тоскоолдуктарды пайда кылат.

Шаардын өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруусун мониторинг кылуудан тышкары БМЖБ топтору шаардын турмушу үчүн чоң мааниге ээ болгон кошумча иш-чараларга да мониторинг жүргүзүшөт. Кара-Балта шаарында БМЖБ тобунун мүчөлөрү №1- башталгыч мектептин окуучулары үчүн курулган ички санузелдин болушуна, №1-орто мектептин канализация системасынын реконструкция болушуна, №3-орто мектептин жылытуу системасынын реконструкция болушуна мониторинг жасашты. Мындан тышкары БМЖБ топтору жашоочуларга көрсөтүлүп жаткан муниципалдык кызматтардын сапатын баалоочу суроо-жоопторду өткөрүп, мындан тышкары бюджеттин туруктуу болушуна да байкоо салып турушат.

Албетте, пандемия топтордун биргелешкен мониторингине жана баалоосуна өз таасирин тийгизди, бирок ушул учурда да Каракол жана Кара-Балта шаарларынын БМЖБ топтору карантин режиминин убагында шаар үчүн маанилүү болгон иш-чараларга мониторинг жасоону улантып жатышты.

Каракол шаарынын БМЖБ тобу тарабынан карантин убагындагы социалдык коргоо кызматынын иштешине, социалдык кызматкерлер эл менен иштөөдөгү өз милдеттерин аткарып жаткан учурда алардын коопсуздугун сактоо тартибине, шаардын жашоочуларынын арасында гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн тартибине жана шартына мониторинг жасалды.

Мониторинг жүрүшүндө БМЖБ тобунун катышуучулары Каракол шаарынын социалдык коргоо борборуна барышты. Ал жерде шаар жашоочуларына карантин убагындагы жардам көрсөтүүлөр менен таанышып, Кызыл Жарым Ай коомунун Ысык-Көл облустук комитетинин базасындагы гуманитардык жардамды бөлүштүрүү кампаларында да болушту.

Каракол шаарынын БМЖБ тобунун мониторинг жыйынтыгында, муктаж болгон адамдардын маалыматтары боюнча жаңыртылган бирдиктүү базаны түзүү зарылдыгы, ага калктын социалдык коргоо кызматында каттоодо турбаган аярлуу катмары кириши керектиги аныкталды. Ошондой эле БМЖБ тобу тарабынан үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша азык-түлүк пакеттеринин калькуляциясын иштеп чыгуу сунушу берилди.

Кара-Балта шаарындагы БМЖБ тобу карантиндин төрт жумалыгында шаардын белгилүү дүкөндөрүндө зарыл болгон азык-түлүктүн бааларына мониторинг жүргүзүштү. Кара-Балта шаарынын дүкөндөрүндө айрым товарларга баалар жогорулаганы белгиленди. Көп учурда КР Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы күрөшүү мамагенттиги белгилеген ченден ашкан баалар менен таразага тартылып берилчү кесмелер, жумурткалар, пастерленген сүттөр сатылып жатты.

Ушул долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы жаңы киргизилген жоболорду өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктары менен өз ара байланыштырып, ошондой эле биздин өлкөнүн шаарларынын муниципалитеттеринде интеграция жасоого, жаңылыктарды киргизүүгө жардам берет. Ушундай долбоорлорду ишке ашыруу үч тараптуу дискуссия үчүн уникалдуу аянтча болуп, буларга кирген жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жетекчилери: мэрия, жергиликтүү кеңеш жана жарандык коом үчүн жардамы чоң болот. Мындай долбоордун тажрыйбасы аны жайылтуу перспективасынан жана ишке ашкан иш-чаралардын эффективдүүлүгүнөн алганда абдан маанилүү экендиги шексиз.

Бөлүшүү