Баткен облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктады.
2020-жылдын 7-октябрынан тарта, муктаждыкка жараша ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда.
Ооруканага жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. 3 ИВЛ, 60 кычкылтек концентратору орнотулду.
Облуста коронавирус оорусу менен ооругандар үчүн ооруканада жалпы 538 орун даярдалган.
Бүгүн, 12-октябрда Баткен облусунун 86 тургунунан коронавирус катталды. Март айынан бери 3 миң 753 киши илдетке чалдыккан. Алардын ичинен 2 880 адам айыгып чыккан. 32 адам каза болгон.