COVID-19 илдетинен жана пневмониядан 5 киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар:
— Ош шаары – 1
— Ош облусу – 3
— Талас облусу – 1
Муну менен 12-октябрга карата илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 1090 адамга жетти. Октябрдын жетисинен тарта, Кыргызстанда кайрадан күн сайын коронавирустан адам өлүмү катталууда. Алсак, 7-октябрь күнү 3, 8-октябрда 4, 9-октябрда 4, 10-октябрда 5, 11-октябрда 3 адам каза тапкан.