Акыркы суткада 12 медкызматкерден коронавирус табылды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Алар төмөнкү аймактардан:
— Ош ш. – 1
— Баткен облусунда – 2
— Ош облусунда – 1
— Жалал-Абад облусунда – 7
— Ысык-Көл облусунда – 1.

Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3449 учур катталды, алардын ичинен 3096 медкызматкер айыгып чыкты.

Бөлүшүү