COVID-19 дагы эки адамдын өмүрүн алды

Автор -

Соңку сутка ичинде COVID-19 илдетинен жана пневмониядан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын бири Ош облусунда, бири Бишкекте дарыланып аткан.

Март айынан бери Кыргызстанда бул илдеттен 1 092 адам каза тапты. Оору жалпы 49 871 адамга жукту. Алардын ичинен 44 712 адам айыгып чыкты. Учурда 1776 бейтап стационарда,  1833 бейтап үйдө дарыланууда. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү