Баткенде коронавирустан 2 адам каза тапты

Автор -

Соңку суткада Кыргызстанда COVID-19 илдетинен жана пневмониядан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эки учур тең Баткен облусунда катталган. Ушуну менен бул илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 1094 кишиге жетти. Өлкөдө оору жуктурган 50 миң 201 адам катталган. Алардын 44 миңден ашууну айыгып чыкты.

Бөлүшүү