Садыр Жапаров Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасын алмаштырды

Автор -
229

Элнура Мамбетжунушева Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду, деп билдиришти өкмөттүн маалымат кызматынан.

«Мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу жана алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Башка буйрук менен Торутаев Алтынбек Элимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.

Бөлүшүү