Каракол шаарынын мэри кызматтан бошотулду

Автор -

Адыл Каниметов Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Бул чечим «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кабыл алынган.

Бөлүшүү