Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды

Автор -

«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Эске салсак, Темирлан Султанбеков 9-октябрда Бишкекте болуп өткөн митингден кийин кармалып, СИЗО-1ге киргизилген. 12-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Тарапташтары анын мыйзамсыз кармалганын айтып, бошотууну талап кылышкан. 

Бөлүшүү