Алмамбет Шыкмаматов менен Сыймык Жапыкеевге иш козголду

Автор -

Экс-депутат, саясатчы Алмамбет Шыкмаматовго Аскердик прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу саясатчы «Марал» радиосундагы түз эфир учурунда айтты.

«Мага жана Сыймык Жапыкеевге Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Демек бул буйруктун артында президент турат. Ушинтип отуруп, президенттин түбүнө тегерегиндегилер жетип келген. 6-октябрдагы окуяны булар элдин шайлоого болгон нааразычылыгы эмес, басып алуу деп эсептеп, дагы эле өздөрүнүн күнөөлөрүн сезе элек экен. Ал окуяларга шайлоо маалында мыйзамдуулукту сактабагандыгы үчүн түздөн түз прокуратура күнөөлүү», — деп билдирген Шыкмаматов «Маралга».

Бөлүшүү