Төмөнкү Ала-Арчадагы кылмыш: кызды күйөөсүн кызганган келин өлтүрткөн

Автор -

Төмөнкү Ала-Арча айылында болгон кылмыштын бети ачылды. Кызды өлтүрүүгө күйөөсүн кызганган келин буюртма берген. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 26-сентябрга караган түнү Төмөнкү Ала-Арча айылында түн жамынып үйгө кирген белгисиз адамдар 26 жаштагы кызды жана анын атасын бычактап кетишкен. Алган жарааттарынан кыз ооруканага жетпей көз жумган. Атасы оор абалда ооруканага жеткирилип, бир нече күн комада жаткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда шектүүлөр кармалды. Алар — 31 жаштагы Б.Ж. аттуу келин жана анын 28 жаштагы айдоочусу О.А. жана 31 жаштагы К.Ч. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча кылмыш иши кызганычтын айынан келип чыккан. Анда аял күйөөсүн кыздан кызганып, аны өлтүрүүгө өзүнүн айдоочусуна жана досуна акча төлөп берген. 

Учурда териштирүү башталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жестокое убийство девушки в Ала-Арче. Подозревают жену ее любовника

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү