16-октябрга карата COVID-19 илдетинен жана пневмониядан 4 киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын экөө Ош облусунда, калган экөө Баткен облусунда дарыланып жатышкан.
Кыргызстанда жалпы каза тапкандардын саны 1 миң 103 адамга жетти.