Өлкө боюнча 20 медкызматкер илдет жуктуруп алды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

— Бишкек – 1
— Ош – 4
— Ош облусунда – 5
— Баткен облусунда – 6
— Жалал-Абад облусунда – 4.

Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 13 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3508 учур катталды, алардын ичинен 3128 медкызматкер айыгып чыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү