Бишкектеги өзгөчө абал алынды

Автор -

Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Жыйынга Жогорку Кеңештин 76 депутаты катышууда.

Жыйында депутаттар Бишкек шаарына жарыяланган өзгөчө абал маселесин карап, аны алып салууну чечишти.

Бишкек шаарына өзгөчө абал режими 5-октябрдагы кагылышуудан кийин президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан киргизилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү