Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгына дайындалды

Автор -

Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров «Мекенчил» партиясынын лидери, мурдагы депутат Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кылып дайындады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Ошондой эле УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчылыгына Бекбосун Апсатаров дайындалды. УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти буга чейин Орозбек Опумбаев жетектеди. Ал бул кызматка 2019-жылдын 18-июнь күнү дайындалган. Опумбаев 9-октябрда кызматтан алынган.

Бүгүн саат 18:30да УКМКнын имаратында Ташиевдин маалымат жыйын берери күтүлүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү