Руслан Казакбаевдин ордуна жаңы депутат келди

Автор -

Мурунку депутат Руслан Казакбаевдин ордуна Аккулу Бердиев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бердиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди. Ал «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат болду. Руслан Казакбаев тышкы иштер министри кызматына дайындалгандыктан, парламентте бир орун бошогон. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү