Караколдо жоголуп кеткен 5 жашар бала ата-энесине тапшырылды

Автор -

Каракол шаарынын милициясы жоголуп кеткен баланы ата-энесине кайтарып берди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-октябрда Каракол ШИИБдин милиция кызматкерлери шаар ичинде коронавирус илдетин алдын алуу жана санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышкан.

Болжол менен саат 13.00 чамаларында шаардык бейтапкананын жанынан аларга кичине бала жетелеген адам келип, баланын адашып көчөдө жүргөнүн айткан. Беш жаштагы Азамат кайда жашаарын так айтып бере алган эмес.

Милиция кызматкерлери бөбөктү бөлүмгө алып келишип, кезмет кызматына кабарлашкан. Эки сааттан кийин милицияга жоголуп кеткен баланын ата-энеси кайрылган. Алар баласы шаардык милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин колунда экенин угушуп, сүйүнүштү.

Таенесинин айтымында, түшкө жакын небереси тышка чыгып, көчөгө ойноп кеткен. Түшкү тамактанууга чакырайын деп тышка чыкканда, небересин таппай калган. Үч саатка жакын издөө иштери натыйжасын бербегенден кийин, Каракол шаарынын милициясына кайрылышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү