Кыргызстанда доллар көтөрүлүп, 82 сомго чукулдады

Автор -

Кыргызстанда доллардын куну өсүүдө. Бүгүнкү күнгө карата алганда доллардын баасы 82 сомго чукулдады.

Учурда долларды сатып алуу 80,9-81,5 сом болсо, долларды сатуу 81,8-81,9 сом. АКШ доллары эки күн ичинде дээрлик 2 сомго кымбаттады.

Доллардын номиналдык курсу 80 сом 70 тыйын деп белгиленип, мурункудан 1,28%га кымбаттады.

Белгилей кетсек, доллардын куну акыркы эки күндөн бери өсүп жатат. Улуттук банк муну өлкөдөгү саясий кырдаалга жана эл аралык төлөмдөрдүн жандануусуна байланыштырууда.

Бөлүшүү