Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-октябрь күнү саат 03:50дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 230-чакырымында, тактап айтканда, Сары-Булак айылында Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 2008-жылы туулган 1 эркек бала каза болгон. Ал эми эки эркек, 2 аял жана бир жаш бала ар кандай жаракаттарды алышкан.
Жерине Кочкор райондук 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамды унаадан чыгарышып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдарды «Тез жардам» кызматкерлери Кочкор райондук ооруканасына алып кетишкен.