Милиция көчөдө ок чыгарган жарандарды кармады

Автор -

Милициянын кайгуул кызматы бейбаштыкка шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

17-октябрда болжол менен түнкү саат 02:00 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Манас көчөсүндө белгисиз жарандар мушташып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кызматкерлер келип, маалыматты тактаганда 1970-жылы туулган К.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле түнү болжол менен саат 02:16 чамасында аталган даректен арыз ээсин белгисиз жарандар эч себепсиз уруп, тапанчадан ок чыгарганын айткан.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе 1993-жылы туулган И.Ж. 1989-жылы туулган Ч.Ч. жана 1995-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кармалган. Кармоо учурунда шектүү жарандардан газ травматикалык тапанча табылган. Бул факты боюнча Биринчи Май РИИБи Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.