Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды унаа сүзүп кетти

Автор -
271
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү болжол менен саат 19:10 чамасында 1984-жылы туулган Т.Б. аттуу айдоочу «Матиз» үлгүсүндөгү унаа менен Жибек Жолу көчөсүнөн күн батыш тарапты көздөй бара жатып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Натыйжада 1992-жылы туулган А.Н. аттуу аял Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Азыркы учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.