Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин аталган кызматты Алмаз Бакетаев ээлеп келген, эми ал Турак жай- коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэр кызматын аркаламакчы. Ал эми Алимбек Абдылдаев мэрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азиз Суракматов кол койгон.