УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга шектелип, мурдагы аткаминерлер кармалды

Автор -
1054

Пара алууга шектелген КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик
кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары
Бакыт Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Маалыматтарга ылайык, аталган кызмат адамдары КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын аткезчилик фактысы боюнча кылмыш ишинин тергөөсүнө байланыштуу маселелерди оң тарапка чечип берүү үчүн жеке ишкерден акча каражатын алышкан.

Топтолгон материалдардын негизинде КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2020-жылдын 19-октябрында ыкчам-тергөө иштеринин алкагында
Калмуратов Бакыт жана Жамгырчиев Эмил КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу
жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.