Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов отставкага кетүүгө арыз жазды

Автор -

Жогорку Кеңештин тийиштүү тармактык комитети башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отставкага кетүү боюнча берген арызын карап жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин жыйыны өтүүдө.

Жыйын башталар алдында эл өкүлү Талант Мамытов Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурорлук кызматка кесиптеши Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштай турганын журналисттерге билдирген.

Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрель айында башкы прокурор болуп дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү