Парламенттик шайлоо 20-декабрга белгиленди

Автор -

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоо күнүн бекитти. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Боршайком бүгүн өткөн отурумунда жаңы чакырылыштын депутаттарын шайлоону  2020-жылдын 20-декабрына, жекшемби күнүнө белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды. Жыйында БШК мүчөлөрү негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын жана Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти.

Кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу Башкы прокуратурага тапшырылды.

Буга чейин БШК кайра шайлоо өткөрүүнүн алдында сунушталып жаткан айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси чечилиши керектигин айтып жаткан.

Алар:

  • шайлоо босогосун жана күрөөнү азайтуу;
  • №2 форма менен добуш берүүнүн жол-жобосун татаалдаштыруу. Тагыраак айтканда, шайлоо участкасын бир жолу гана алмаштыруу, бир облустун ичинде шайлоо дарегин өзгөртүүгө тыюу салуу,
  • шайлоого 30 күн калганга чейин даректи өзгөртүү;
  • жасаган иштери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон саясий партияларды кайра шайлоого катыштыруу же катыштырбоо маселесин жөнгө салуу.

Парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялар үч күндүн ичинде арызын БШКга тапшырышы керек.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп, дал ушул мыйзам долбоорун карайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү